Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури Кыргызстанда жарандык коом жана сөз эркиндиги чектелип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда айтты.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Европарламенттин депутаттары "Социал-демократтар" партиясынын мүчөлөрүнүн биринин кармалышына байланыштуу тынчсызданууларын да белгилешти.
Аталган иш боюнча толук маалымат берүү максатында жолугушууга укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылып, алар адам укуктары боюнча Европарламенттин депутаттарынын суроолоруна кеңири жооп беришти.
Шайлоочуларды сатып алуу иши боюнча маалыматты угуп, Садыр Жапаров Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүп, Европанын ар бир өлкөсү менен достук жана өнөктөштүк мамилелерге умтуларын белгиледи.
"Айрым саясатчылардын ишмердүүлүгүнө байланышкан майда маселелер кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө тоскоол болбошу керек", - деп белгиледи Жапаров.
Эске салсак, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрында добуш сатып алууга шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Социал-демократтар" партиясынын өкүлдөрү коюлган айыпты четке кагып, аны саясий куугунтук катары баалап келет.