Президент Садыр Жапаров Европарламенттин депутаттарына Кыргызстан Европа бирлигинин бир жактуу жана субъективдүү мамилесине туш болуп жатканын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 26-февралда Европа парламентинин адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган депутаттары менен болгон жолугушууда билдирди.
Жапаров бул өзгөчө Европарламенттин Кыргызстандагы кырдаал боюнча кабыл алган резолюцияларында ачык көрүнүп турарын өкүнүч менен белгиледи.
“Сөз эркиндиги жана адам укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Эл аралык коомчулуктун активдүү катышуучусу жана БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү катары Кыргызстан демократияны, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө жана эл аралык милдеттенмелерди сактоо боюнча чараларды ырааттуу ишке ашырууда.
Буга байланыштуу аталган резолюцияларды даярдоодо Европа тарап кыргыз тараптан түшүндүрмө же кошумча маалымат сурабаганы таң калтырат", - деди Жапаров.