Япония Кара-Суу районуна 89 миң доллар өлчөмүндө мектеп эмеректерин берет
Япония өлкөсү Ош облусунун Кара-Суу районуна гранттык долбоордун негизинде мектеп эмеректерин берет. Бул тууралуу Кыргызстандагы Япония элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Долбоордун алкагында Жылкелди айыл округуна караштуу Т.Алимбеков атындагы №105-мектебине жана Ташлак-Шарк айылынын Т.Алтыбаев атындагы №94-окуу жайына дене тарбия, ашкана жана бир канча дарс бөлмөлөрүнө 89 миң доллардын тегерегинде мектеп жабдыктары берилет. Кошумчалай кетсек, аталган окуу жайлары 2010-жылдын июнь окуяларынан кийин толук кандуу жаңыланууга муктаж болуп калган.