Жашоосу бөлөк, кайгысы окшош эки эне...

Бул айымдар бири-бирин таанышпайт. Буга чейин экөөнүн жашоосу да, максаттары да эки башка болчу. Жакында алардын тагдырында бир окшоштук пайда болду. Экөө тең бир заматта тилсиз жоонун курмандыгына айланып, үстүндө үйү, бут сунарга төшөгү жок калышты. Албетте, мындай болот деп ойлогон да эмес алар... Алоолонгон жалын үйдү гана эмес, бүтүндөй эки үй-бүлөнүн ырыскысын, кубанычын кошо жалмап кетти десек болот. Биринин таянар тиреги – күйөөсү ошол өрттүн курмандыгы болуп, балдары атасыз калса, экинчиси көп жыл мээнет кылып тапкан бардык мүлкүнөн кол жууп, балдары менен көчөдө калып отурат. Кечээ эле бейкапар эле, бүгүн “Кайда баш калкалайбыз? Балдарды кантип багабыз?” деген ой кыйнап турган абал. Анткени үй – бул жөн гана төрт дубал эмес, бул – балдардын коопсуздугу, келечекке ишеними, үмүтү эмеспи.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 7-мартта чыккан жаңы – №1160 санынан окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан