Депутаттар бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовго депутат Жылдыз Жолдошованы сотко берүүнү сунуш кылышты

Парламенттеги КСДП фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында депутат Эгемберди Эрматов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматовго депутат Жылдыз Жолдошованы сотко берүүнү сунуш кылды. Эгемберди мырза Жылдыз Жолдошованын бажы кызматынын башчысына карата айткан "Кубанычбек Кулматов коррупционер, ал жакында Москвага качат" деген сөзүнө эмне үчүн көңүл бурбай жатканын сурады. "Мындай сөздөр үчүн комментарий бербейм. Эгерде анын колунда атайын материалдар болсо, укук коргоо органдарына берсин" деп жооп берди Кулматов. Ал эми КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Жолдошованын айтканы жөн гана сөз эмес, өтө олуттуу айыптоо экенин айтып, эгерде негиз болсо, сотко берсе боло турганын айтты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан