Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков 2019-жылы апасынын үйүндө болгон окуя боюнча жактоочусу Шердор Абдыкапаров менен бирге УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.
Кайрылуусунда ырчы бул факты боюнча тергөөдө көптөгөн мыйзам бузуу болгонун айтты.
"2019-жылы дал ушул үйдө апам менен карындашымдын колун байлаган чоң кылмыш болгон. Ал убакыттан бери төрт жылдан ашык убакыт өттү. Биздин кайрылбаган жерибиз калган жок, чоң резонанс дагы жаратканбыз. Ишти жаап салышыптыр", - деди Мирбек Атабеков.
Ал эми ырчынын жактоочусу Шердор Абдыкапаров бул боюнча сурак иштер одоно мыйзам бузуу менен жүргөнүн айтты.
"2019-жылдан бери 6 жыл өтүптүр. Иш материалдары менен таанышып чыктым. Бул жерде тергөөчү сурак кылганда ошол жерде колу жана дата коюлушу керек. Мындайча айтканда, жабырлануучулардын баарын сурашкан дагы, аягында колун дагы койбой, фамилиясын дагы жазбай, кайдыгер мамиле кылган деп айтсак болот.
Ошондой эле бул окуя боюнча толтура видео жазуулар алыныптыр. Ал боюнча иш материалдарында биз бир дагы видео тапкан жокпуз.
Анан тоноочулук деп бир баланы кармашкан. Ал баланы жабырлануучулардын катышуусуз сотко алып барышкан. Ал жерден эч кимди чакырбай эле, ал бала чыгып кеткен", - деди Абдыкапаров.
Ошондой эле Шердор Абдыкапаров Мирбек Атабековдун апасынын үйүндө болгон окуя тууралуу иш архивге салынып калганын кошумчалады.
"Эгерде кылмышкерлер табылбай жаткан болсо, улам-улам ишти жандандырып карап турат да. Бул окуя боюнча 2022-жылы ишти архивге салып салышкан. Бул эч нерсе тапкан жокпуз, иш бүттү дегенди түшүндүрөт", - деди Абдыкапаров.
Окуя Бишкек шаарында 2019-жылы 6-майга караган түнү болгон. Анда ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар бет капчан кирип, жалпы суммасы 60 миң долларды түзгөн акча каражатын жана зер буюмдарды алып кеткен. Кийин ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Каракол шаарынан Бишкек шаарындагы Октябрь райондук милициясы тарабынан Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектелип Б.М. аттуу 24 жаштагы жаран кармалган.
Кийин шектүү катары кармалган жарандын апасы Жыпаркүл Иманкалиева баласы күнөөсүз кыйноого алынганын жана бейкүнөө камалганын айтып чыккан.
2020-жылы 29-январда Мирбек Атабеков апасын сабап, зер буюмдарын алып, үйүн тоноп кетти деп кармалган кылмышка шектүүнү милиция бошотуп жибергенин айтып, SUPER.KG порталына кайрылган. Айтымында, милиция кызматкерлери шектүүнү негизсиз бошотуп жиберишкен жана буга чейин ал жалпыга маалымдоо каражаттарына тергөө иштерине тоскоолдук жаратпоо үчүн окуя тууралуу ооз ачпай келгенин айтып берген.