Талантбек Узакбаев: "Бир көпүрөнү суу алып кетсе, миңдеген гектар жайыттар пайдаланылбай калып жатат"

"Бир көпүрөнү суу алып кетсе, миңдеген гектар жайыттар пайдаланылбай калып жатат",- дейт ЖКнын депутаты Талантбек Узакбаев. Анын айтымында, жайыттар боюнча мыйзамда бир катар туура эмес жагдайлар бар. Ошол катачылыктарды жоюп, жайыттарды туура пайдалануу зарылдыгы бар. "Азыр мал жайыттарына үй салганга болбойт деген чектөө бар. А бирок алыскы бийик тоолуу жайыттарда алачык, чатыр менен кыштай албайт да. Кадимкидей үй куруп жашаш керек. Негизи, жайыттарды тынымсыз колдонуу да, таптакыр колдонбой коюу да болбойт",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан