Кадыры бийик, миң айдан да артык Кадыр түндү кантип өткөрүү керек? Муфтият жооп берет

Өлкөдө кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнгө белгиленди. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү – Орозо айынын акыркы так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Ислам дүйнөсүндө кадыр түндү Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү деп эсептешет.

SUPER.KG порталы кадыр түндүн артыкчылыктары, белгилери тууралуу суроолоруна Муфтияттан жооп алды.

"Кадыр" деген сөздүн чечмелениши

"Кадыр" (арабча: القدر) – "таңуулоо", "баа берүү", "бийик даража", "таң калычтуу күч-кубат" деген маанилерди билдирет. Исламда кадыр түн (Лайлатул-Кадр) ыйык түн болуп, бул күнү Аллах Таала тагдырларды белгилеп, пайгамбарларга даанышмандык берет деп айтылат.

Өлкөдөгү ооз бекитүүнүн жана ооз ачуунун убактылары (календарь).

Кадыр түндүн белгилери

Хадистерде жана уламалардын баяндарында кадыр түндүн белгилери төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

  • Түнү тынч, жылуу жана бейпил болот;
  • Асманда адаттан тыш жарыктык байкалат;
  • Шамал, бороон же катуу ысык болбойт;
  • Таңкы намазга чейин өзгөчө тынчтык өкүм сүрөт;
  • Таң атканда күндүн нуру жумшак, нурсуз көрүнөт.
Орозо тууралуу муфтияттын өкүлү менен маек.

Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?

Кадыр түн – Аллахка жакындоо үчүн эң чоң мүмкүнчүлүк. Бул түнү төмөнкү ибадаттарга басым жасоо керек:

  • Намаз окуу – көп нафил (кошумча) намаздарды аткаруу;
  • Куран окуу жана тафаккур кылуу – айрыкча, кадыр сүрөсүн көп окуу;
  • Зикр жана дуба кылуу – "Лаа илааха иллаллах", "Субханаллах", "Алхамдулиллах", "Аллаху Акбар" деген сөздөрдү көп айтуу;
  • Пайгамбарга (САВ) салават айтуу;
  • Тобо кылуу, кечирим суроо – "Аллахумма иннака афуун, тухиббул афва, фа’фу анни" деген дубаны көп кайталоо;
  • Садака берүү – муктаждарга жардам берүү.
Орозодо туура тамактануунун эрежелери боюнча маек шилтемеде.

Кадыр түндө эмнелерге тыюу салынган?

  • Бекер убакыт өткөрүү – оюн-зоок, куру сөз, телефонго алаксыбоо;
  • Күнөө иштерге аралашуу – ушак айтуу, араздашуу, адепсиз иштерди жасоо;
  • Аялдар үчүн жасанып, жыттуу майлар менен сыртка чыгуу – эгерде мечитке бара турган болсо, жөнөкөйлүктү сактоо зарыл.

Кыз-келиндер да мечиттерге барып жамаат менен кадыр түн тосконго болобу?

Кыз-келиндер кадыр түндү, намазды, зикирди үйлөрүндө аткаруусу жакшыраак. Эгерде ибадаттарды мечитте өткөрүүнү кааласа, анда мечиттин атайын аялдарга дайындалган шарттары болсо болот. Анда төмөнкү шарттарды эске алуу керек:

  • Жөнөкөй кийим кийип, жасанып чыкпоо;
  • Намаз, зикр менен алек болуп, бейпилдикти сактоо;
  • Эгер ыңгайсыз шарт болсо, үйдө ибадат кылуу артыкчылыктуу.
Быйылкы битир-садаканын өлчөмүн шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

Кандай ибадаттар аткарылат?

Кадыр түнүндө төмөнкү ибадаттарды аткаруу сунушталат:

  • Тахажуд намазы (жашыруун түндө окулган нафил намаз);
  • Куран окуу;
  • Дуба кылуу – өзүң, үй-бүлөң жана жалпы үммөт үчүн;
  • Садака берүү – бул күнү берилген сооп жүз эсе көбөйөт;
  • Күнөөлөр үчүн тобо кылуу – жүрөктөн чыккан чын ыкластык менен.

Белгилей өтсөк, Кыргызстанда Орозо айт майрамы 30-мартта белгиленет. Орозо айы 1-мартта башталган болчу. Орозо айы кээде 30 же 29 күн болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан