Талас облусунун Бакай-Ата районундун Кең-Арал айылында белгисиз адамдар тарабынан токой тилкесинин №5-бөлүгүнөн - 4 даана, №3-бөлүгүнөн - 6 даана, №1-бөлүгүнөн - 1 даана кара жыгач бак-дарактары мыйзамсыз кыйылып кеткендиги белгилүү болду. Бул тууралуу Райондук токой чарбасынын башчысы Ш.Райымбеков РИИБине кайрылган. Учурда бак-дарактар кимдер тарабынан кыйылып кеткенин иликтөө иштери жүрүүдө.