Ахматбек Келдибеков: "Донорлордун айынан ВИЧ жана кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүүдө"

"Саламаттыкты сактоо министрлигин реформалоодон баш тартып, СССРдеги системди кайтарышыбыз керек". Мындай пикирди бүгүн, 14-декабрда ЖКнын депутаты Ахматбек Келдикбеков "Ата Журт" фракциясынын жыйынында билдирди. "Саламаттык сактоо министрлигинде реформалоо донорлордун каражаты менен жүрүүдө. Андыктан бул эч кандай жыйынтык бербейт. Донорлордун реформасынан улам биз саламаттыкты сактоодогу жакшы системдерди жоготуп жатабыз. Жардам, грант, кредиттердин баары саламаттыктык сактоодогу системди жоготууга жумшалат. Мурун айылдарда жакшынакай ооруканалар бар болчу. Азыр донорлордун айынан ВИЧ/СПИД жана кургак учук менен ооругандардын саны көбөйүүдө",- деди Ахматбек Келдибеков. Ошондой эле эл өкүлү реформаны эч кандай донорсуз эле жүргүзүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан