Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Бул туурасында бүгүн, 6-апрелде мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Президент бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүргөн.
Кошумчалангандай, эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүп, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керектиги белгиленди.
Бул Кыргызстандын Конституциясында каралгандыгы маалыматта айтылган.
Ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 13-февралында кабыл алынган Жер кодекси боюнча каршы пикирге кол койууда президент Садыр Жапаров тарабынан айрым учурлар эске алынгандыгы айтылат. Алар:
– жер пайдалануучу тарабынан республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражаттарын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу жер участогу алынып коюлганда, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине карама-каршы келет;
- жер участогунун менчик ээсинин өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелгенде жана "калыбына келтирүү наркы" термини аныкталбаганда;
- мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет;
– мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер участоктору тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жактарга менчикке берүү, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине карама-каршы келет;
– муниципалдык менчиктеги жер участокторун мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби боюнча, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбеген бөлүгүндө (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);
– темир жол жана анын инфраструктурасы курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берүүгө чектөөнүн болушу (“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан”);
– ижарага алынуучу жер участогунун менчик ээси же анын укук мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер участогун турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгүндө, бул жоболор Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдерине каршы.