Абактагы журналист Азамат Ишенбековго жана активист Зарина Төрөкуловага президент тарабынан ырайым берилди. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 9-апрелде президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койгон.
Белгилей кетсек, Ленин райондук соту Азамат Ишенбековду беш жылга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси (Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) жана 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен айып тагылган.
Ал эми Зарина Төрөкулова Фейсбук социалдык тармагындагы чагымчыл маанайдагы материалдарды тараткан деп кармалып, 5 жылга абакка кесилген эле.