Бүгүн, 11-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Фейсбук социалдык тармагында чагымчыл маанайдагы материалдарды тараткан жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (Массалык баш аламандыктар) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды системалуу түрдө “Фейсбук” социалдык тармагында жарыялаган “Зарина Төрөкулова” аккаунтунун ээси, кыргыз жараны Т.З. аныкталган.
"Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 9-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Т.З.ны 30-октябрга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.