ЖКда депутаттар журналисттерди сынга алышты

ЖКнын "Ар-намыс" фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев ММК өкүлдөрүнүн маалымат чагылдыруу аракеттерин сынга алды. Ал мындай пикирин "Жарандар тарабынан парламенттин ишмердүүлүгүн кабыл алуусу" жөнүндө фокус-группалык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгынын презентациясын талкуулоо учурунда айтты. Ал белгилегендей, журналисттер Жогорку Кеңештин же жеке депутаттардын ишин негативдүү маанайда чагылдырып жатат. Бул пикирди депутат Нурлан Төрөбеков да колдоого алып, "журналисттер ЖКдагы терс көрүнүштөрдү чагылдырып, мыйзам чыгаруу багытындагы иштерди баяндашпайт",- деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан