Кытай Украина президенти Владимир Зеленскийдин "Пекиндеги аткаминерлер кытай жарандары Украинада Орусия тарапта согушуп жатканын билет" деген комментарийин четке какты. Бул тууралуу Euronews жазды.
Пекиндеги маалымат жыйынында Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лин Цзянь бул билдирүүлөрдү “жоопкерчиликсиз сөздөр” деп атады.
"Биз тиешелүү тараптарга Кытайдын ролун туура жана так моюнга алууну сунуштайбыз", - деген Лин журналисттерге Зеленскийдин же Украинанын атын атабастан.
Лин белгилегендей, Пекин ар дайым өз жарандарына ар кандай чет элдик конфликттерден качууну сунуштайт жана өзгөчө кытай жарандарын чет элдик аскерий операцияларга кошулууга тыюу салат.
Буга чейин Зеленский Донецк облусунда Орусия тарапта согушкан эки кытай жараны туткунга түшкөнүн билдирип, алардын видеосун жарыялаган. Кийинчерээк Зеленский Орусия тарапка кошулуп алып, Украинада согушуп жаткан кытайлардын саны 155ке чейин жетиши мүмкүн экенин айткан.