Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги батирлерди ээлерине тапшырып жатып, МИКтин айланасында айтылган кептерге жооп берди жана жаңы өзгөрүүлөр киргенин айтты. Мамлекет башчынын сөзүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Кечээ күнү депутаттар МИКтин жетекчисине суроо берип, ар кандай күмөн саноо дейбизби же ишенбестик дейбизби айтор жарга такаган суроолорду берип жатканын көрүп калдым. Ошондуктан жалпы карапайым элге түшүнүктүү болуш үчүн толук жана кеңири маалымат бере кетейин.
МИКте баардыгы ачык. Кезектерди кезекте тургандар өздөрү онлайн режимде көзөмөлдөп турса болот, ал эми акча каражаттары болсо электрондук көзөмөлдө турат. Эч ким уурдай албайт. Уурдаса көрүнүп калат. Албетте эселеп кайтарат.
МИКте элибизди турак жай менен камсыз кылууда ар түрлүү варианттар, программалар бар. Мурда бир эле вариант бар болчу. Ал 14 пайыз менен, алдын ала 30 пайызын төлөө, калган суммасын 10 жылда төлөп бүтүү болчу. Болду, өмүр бою ошол батирде жашайсың деген шарт эле. Биз келгени кандай жанылыктарды киргиздик?
Мамлекеттик иштерде иштегендерге 4 пайызга, ал эми жеке жактарга 8 пайызга чейин түшүдүк, алдын ала төлөмү жок 25 жылга бере баштадык. Дагы бир жаңылык, эгер мурда МИКтен алган батириң үй-бүлөңө тардык кыла баштаса аны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бердик. Мисалы, мурда 1 бөлмөлүү батир алып, убакыттар өткөндөн кийин бала-бакыранар чоңоюп, ал батириң үй-бүлөңө тар боло баштаса, аны кайрадан МИКке тапшырып, 2 же 3 бөлмөлүү батирге алмаштырсаң болот деген мүмкүнчүлүк бердик.
Мурда бир бөлмөлүү батирге төлөп жүргөн акчаң толугу менен кийинки кенейтилген батириндин төлөмүнө эсеп болуп кете берет. Эми алдын ала 50 пайызын төлөп алып жаткан жарандарыбызга токтоло кетейин. Мындай мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз дагы абдан көп экен. Булар мигранттар же катардагы эле жарандарыбыз. Ушундай жол менен МИКтен бир эле жолу батир ала алышат. Депутаттар күмөн санап жатышкандай кайра-кайра бир нече жолу ала алышпайт.
Тагыраак айтсам, бүгүн МИКтен алган батирди эртең кайра сатып бизнес кыла алышпайт. Ошондуктан булар үчүн да өзүнчө программа киргиздик. "Алдын ала 50 пайызын төлөйсүң, калганын 10-15 жылдын ичинде төлөп бүтөсүң" деп. Булар илгертен кезекте турган жарандарыбызга тиешеси жок.
Булардын алдын ала өздөрү төлөгөн 50 пайыз акча каражатын мына ушул эле курулушка жумшап жатабыз. Мына ушул курулуштун 60-70 пайызын бүтүргөнгө өздөрүнүн эле акчасын колдондук. Бул албетте мамлекет үчүн, МИК үчүн жеңилдик болуп жатат. Мамлекеттин эле акчасын колдоно бербей мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыздын акчасын да өздөрүнө колдонолу да. Бул акча каражаттын баары МИКтин пайдасына түшүп жатат.
Ошондуктан бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталын 80 миллард сомдон ашырдык. Мурда деле карапайым эл үчүн ушул ишти жасаса болот экен эле. Буга мамлекеттин күчү да, акчасы да жетмек экен. Бирок жасаган эмес. Башынан этегине чейин уурулуктар көп болгон. МИКтин капиталы дагы бир, эки жылда 100 миллиард сомдон ашат", - деген өлкө башчы.
Ошондой эле Жапаров мындан ары МИКтин батирлери кымбатташы мүмкүн экенин эскертти.