Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган кезектеги батирлерди ээлерине тапшырып жатып, мындан ары МИКтин батирлери кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Өлкө башчынын сөзүн президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Бүгүнкү күндө жеке компаниялар ушундай престиждүү райондордо батирдин бир чарчы метрин 2000 доллардан кем эмес сатып жатышат. Бирок ошол да "под ключ" эмес, "под ПСО" деп коёбуз го. Кире бериштеги эшигин салып коёт, ичин "өзүң жасап ал" дешет. Биз бүгүн сиздерге берип жаткан батирдин бир чарчы метри "под ключ" 850 доллардан. Эмеректериңди алып кирип жашай бересиң. Кантип мындай баага "под ключ" салып жатабыз?
Биз мамлекеттик "Кыргыз курулуш сервис" компаниясын жана бирин-экин өзүбүз тааныган жеке компанияларды суранып, "бир чарчы метрин Бишкек менен Чүйдө 650 доллардан, ал эми алыскы аймактарда 700 доллардан "под ключ" салып бергиле" деп жалдап салдырып жатабыз.
Бул баага башка ири курулуш компаниялары келбей коюшту. "Бүгүнкү күндө 650 долларга "под ключ" эч ким салбайт" дешип. Ошондуктан биз мамлекеттик курулуш компанияны жана бир-эки жеке компанияны жалдап, Бишкекте 650 доллардан ал эми аймактарда 700 доллардан салдырып, МИКке өткөрүп берип жатабыз. МИК болсо үстүнө 200 доллардан кошуп, сиздерге 850 доллардан берип жатат. Ортодогу 200 доллар пайда, МИКке түшүп жатат.
Ошондуктан МИКтин кирешеси көбөйүп 80 миллард сомдон ашты. Эми азыр курулушту кылган "Кыргыз курулуш сервис" менен жеке компаниялар "650 долларга "под ключ" кура албай калдык, курулуш материалдар кымбаттап кетти, 700-750 долларга чейин которуп бергиле" дешип даттанып жатышат. Бул маселени өкмөт изилдеп жатабыз. Жакын арада бир чечим кабыл алып беребиз.
Буга чейин шаардын чок ортосундагы Скрябина көчөсүндө жайгашкан, мурда Максим Бакиевке таандык болгон 1,5 гектар жер тилкесине 539 батир салып, былтыр карапайым элге үстүнө пайыз кошпостон эле 650 доллардан бергенбиз. Эми мындан ары, мейли, кайсы аймакта болбосун МИК сөзсүз түрдө батирлердин үстүнө өзүнүн пайдасын кошуу менен берет.
Анткени МИК пайда көрүш керек. Себеби 25 жылдын ичинде сөзсүз түрдө инфляция болот. Ошол инфляцияны МИК кичи шаарларга, региондорго салынып жаткан батирлердин үстүнө кошкон пайда менен жаап турушу керек. Эми мындан ары баалар өзгөрөт. Бирок баары бир деле МИКтин саясаты карапайым эл үчүн жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу сөзсүз түрдө кыйла арзан болот.
Жакынкы келечекте Мамлекеттик ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүүнү жана өлкөнүн турак жай фондун дагы да кеңейтүүнү максат кылууда. Максатыбыз ийгиликтүү ишке ашса, жарандарыбызды турак жай менен камсыздоодо мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келбестен, ипотекалык компаниянын иши туруктуу жана натыйжалуу жолго коюлат", - деген ал.