Трамп Кытай менен соода согушу жакшы жыйынтыктарга алып барарына ишенет

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен болуп жаткан соода тарифтери боюнча тиреши жакшы келишимге алып келерин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

"Менин оюмча, мындан жакшы жыйынтык чыгат", - деген ал журналисттерге.

Трамп Кытай лидери Си Цзиньпин менен ар дайым тил табышып келгенин баса белгилеген.

Буга чейин АКШ лидери Си Цзиньпинди жакшы көрөрүн айтып, "досум" деп атаган эле. Ал эми Си Евробиримдикти Пекин менен бирге АКШнын тариф саясатына каршы турууга чакырган.

Эки өлкө бири-биринин товарларына болгон бажы алымдарын улам-улам көртөрүүдө. Буга Трамптын чет элдик товарларга бажы алымдарын киргизүүсү себеп болгон. Анда алгач Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан