Си Цзиньпин: "Тариф согушунда жеңүүчү деген болбойт"

АКШнын тарифтик саясатына Евробиримдик менен Пекин бирге каршы туруп, соода айдыңын чогуу коргошу керек. Бул тууралуу Кытайдын президенти Си Цзиньпин Пекинде болгон Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен жолугушуусунда билдирди.

"Тариф согушунда жеңүүчү деген болбойт, бүтүндөй дүйнөгө каршы чыгуу акыры жалгыз калуу дегенди түшүндүрөт", - деген ал.

Чет элдик басылмалар Си Кытай эч качан бирөөдөн жардам сурабаганын айтып, негизсиз басым-кысымдан коркпой турганын баса белгилегенин жазышты.

Буга чейин АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу күчөп жатканда Дональд Трамп Си Цзиньпинди жакшы көрөрүн айтып, "досум" деп атаган.

Эки өлкө бири-биринин товарларына болгон бажы алымдарын улам-улам көртөрүүдө. Буга Трамптын чет элдик товарларга бажы алымдарын киргизүүсү себеп болгон. Анда алгач Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан