АКШ президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпинди жакшы көрөрүн айтты. Ал бул тууралуу Ак үйдө журналистерге билдиргенин чет элдик басылмалар жазды.
"Ал менин досум. Мен аны жакшы көрөм. Президент Си, мага жагат", - деген ал.
Трамп Кытай лидерин сыйлай турганын, бирок Пекин Вашигтонго жаман мамиле кылганын кошумчалады.
Ак үй башчысы Кытай лидерин "досум" деп эки өлкө ортосундагы соода согушу күчөп жаткан маалда атап отурат.
Белгилей кетсек, 2-апрелде Трамп 185 өлкөдөн жана аймактардан келген товарларга бажы алымдарын киргизүүнү жарыялаган. Анда Кытайга карата алымдар 34 пайыздык чекте киргизилген.
Көп өтпөй Пекин АКШдан импорттолгон бардык продукцияга 34 пайыз өлчөмүндө кошумча алымдарды киргизе турганын жарыялаган. Трамп буга катаал жооп кылып, эгер Пекин өзүнүн өч алуу тарифтерин алып салбаса, 9-апрелден баштап кытай товарларына кошумча дагы 50 пайыз бажы салыгын киргизээрин айткан.
Андан соң Ак үй Кытайдан келген товарлар үчүн бажы алымдарын 104 пайызга көтөргөнүн билдирген. Кытай буга кайрадан жоп кылып, америкалык товарлорга болгон бажы алымдары 84 пайызга чейин көтөргөн. Мындан улам Трамп Кытайга болгон 104 пайыздык чекти 125ке чейин көтөрдү.