Кыргызстанда жумушсуз жарандарга 1 жылга 7 миллион сом бөлүнөт

"Кыргызстанда 1 жылга жумушсуз жарандарга 7 миллион сом бөлүнөт". Мындай маалыматты "Ата Мекен" фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри Алиясбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, бул сумманы бөлгөндө Кыргызстандагы ар бир жумушсуз жаран 250 сомдон жөлөк пул алат. Депутат Өмүрбек Текебаев 7 миллион сом өтө аз экенин айтып, "250 сом алардын жол киресине жетпейт" деди. Ал ошондой эле "Ата Мекен" фракциясы республикалык бюджетти кайра кароо учурунда бул сумманы жогорулатууну сунуш кыла турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан