Ысык-Көл. Каракол шаарында мектеп окуучуларына арналган тегерек стол өтүп жатат

Бүгүн, 14-декабрда Каракол шаарында "Мектеп окуучуларынын зордук-зомбулуксуз жүрүш-туруштарын калыптандуруу жолдорун издөө" деген аталышта тегерек стол өтүп жатат. Иш-чарага ОИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери, Билим берүү институтунун мугалимдери, ата-энелер комитети жана ММК өкүлдөрү катышууда. Белгилей кетсек, 3-сентябрда Тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча Ысык-Көл облустук кеңешме комитетинин кеңешмесинде жалпы добуш берүү жолу аркылуу “Мектеп окуучуларынын зордук-зомбулуксуз жүрүш-туруштарын калыптандыруу жолдорун издөө” темасы боюнча изилдөө жүргүзүү демилгеси көтөрүлгөн. Изилдөө иштеринин жүрүшүндө аталган маселе боюнча коомдук пикирди билүү максатында фокус-поптор тарабынан сурамжылоо жүргүзүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан