Султанбай Айжигитов жана анын жубайы үй камагына алынды

Мурдагы депутат Султанбай Айжигитов жана анын жубайы Г.Жолдошова 2-июнга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди бүгүн, 30-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Соттун маалымат кызматы билдиргендей, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн А.С.А. жана Ж.Г.М.ге карата үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт чарасын колдонуу боюнча өтүнүчү канааттандырылды. Алар 2-июнга чейин үй камагында болот.

Айта кетсек, буга чейин Султанбай Айжигитов жана анын жубайы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жатканы кабарланган.

Эске салсак, БШК 28-марттагы жыйынында Айжигитовду мандатынан ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан