Биз социалдык тармакта

Кызыл-Кыяда 25 жаштагы келиндин өлүмүнө жолдошу шектелүүдө

Интернет желесинде Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында каргашалуу окуя катталганы боюнча маалымат тарады. Анда 25 жаштагы келин жолдошу тарабынан сабалып, каза таап, андан соң денесин сууга ыргытылганы айтылууда. Анын артында үч баласы калганын жакындары билдиришти.

Баткен облустук милициясы бул маалыматты тастыктап, бирок маркумду күйөөсү балта менен чаап өлтүргөн деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын кабарлады.

Маалым болгондой, 31-октябрь саат 11:20 чамасында милицияга 2002-жылы туулган Караван айылынын Д.С. аттуу тургуну каза болгон абалда ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар түшкөн.

Милиция келиндин өлүмүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары келиндин 1995-жылылы туулган М.К. аттуу жолдошун кармашты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан