Депутат Токтошев жоокерлердин кыйноого алынышы боюнча маселе көтөрдү (видео)

Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүндө аскер кызматкерлеринин кыйноого алынганы боюнча тиешелүү жетекчилер керт башы менен жооп бериши керектигин билдирди.

"Бул өзү мартта болгон экен, бирок эми коомчулукка тарап, белгилүү болду. Мен ойлойм, бардык эле аскер бөлүктөрүн текшерип чыгыш керек. Андыктан комиссия түзүңүздөр. Муну көргөн ата-энелер эми балдарын кантип аскерге жиберет?" - деди ал.

Эске салсак, 11-майда социалдык тармактарда өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат таратып, окуя февраль айында орун алганын маалымдаган.

Факт боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон. Ал арада президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш берген.

Жогорку Кеңеш 14.05.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан