Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматта министрге жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилгени айтылат.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, өлкөнүн мыйзамына ылайык жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди", - деп жазылат расмий билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 11-майда социалдык тармактарда өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео тараган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат таратып, окуя февраль айында орун алганын маалымдаган.