Жоокерлерге үстөмдүк көрсөтүлгөн окуя боюнча кылмыш иши козголду

11-майда интернет желесинде өлкөнүн аскер бөлүктөрүнүн бириндеги үстөмдүк фактылары чагылдырылган видео тараган. Аскер прокуратурасы окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Мекеме тактагандай, ал окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун жана 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

"Тергөө иши Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына тапшырылды. Анын жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

Иштин жагдайларын толук жана тез иликтөөнү камсыз кылуу максатында зомбулукка кабылган аскер кызматчылары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына жеткирилип, алардын катышуусу менен тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Айта кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя февраль айында орун алганын билдирип, министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Буга удаа президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан