Төрага Асылбек Жээнбековдун 2012-жылга карата отчёт бере электигин "ата журтчулар" сынга алышты
"Ата Журт" фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында депутаттар төраганын ишин сынга алышты. Депутат Мыктыбек Абдылдаев төраганын 2012-жылдагы иштери боюнча отчёт бере электигин айтты. "Мыйзам боюнча ал 1-октябрда парламентте
отчёт
бериши керек болчу. Бул мыйзамды бузуу болуп саналат",- деди Абдылдаев. Фракциянын чечими менен Асылбек Жээнбеков тарабынан мыйзам бузулгандыгы боюнча атайын кат даярдалмай болду.