Бүгүн, 14-декабрда саат 10:00дө “Naryn KG” маалымат борборунун кеңсесинде “Ага Хан” коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулган “Адилеттүү башкарууну жогорулатуу” долбоорунун негизинде жасалган иш-чаралардын жыйынтыктары тууралуу маалымат угулду. Бул боюнча атайын адистер, ар бир долбоордун ишке ашуусу, максат-милдеттери, сарпталган каражаттар тууралуу сөз болду. Аталган долбоордо Нарын шаары жана Нарын районунун ичинде иш алпарып, ага райондук жана жергиликтүү бийлик, шаардык мэрия көмөк көрсөткөнү белгилүү болду. Маалымат жыйынга шаардык суу чарба мекемеси, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын жана муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү катышышты.