Кыргызстандык блогер Арген Асанов сүйлөшкөн кызы, казак блогери Дикону Жалал-Абадга алып барды. Анда Асановдун апасы кызга ак жоолук салып тосуп алды.
Блогер социалдык баракчасына киргизген видеосуна "Айылга келдик" деп гана билдирүү калтырган. Азырынча анын казак кызы менен үйлөнүп жаткандыгы белгисиз. Бул арада күйөрмандары жылуу пикир калтырып, экөөнө бакыт тилешүүдө.
Буга чейин Арген көрүндүк сурап, казак блогерин сүйлөшкөн кызы катары көрсөткөн.
Айта кетсек, Арген Асанов казак кызы Аружан менен 2023-жылдын июль айында баш кошушкан. Бир жылдан соң алар эки жолго түшкөнүн жарыялашкан.