Кыргызстандык белгилүү блогер Арген Асанов социалдык баракчасына казак блогери Дико менен түшкөн видеосун жүктөп, билдирүү калтырган.
Ал видеонун алдына "Ушул ирет жакшы болсунчу. Силерден көрүндүк" деп жазган.
Блогердин бул билдирүүсүнө көпчүлүк жылуу пикирлерин калтырышууда. Ошондой эле алматылык апа аларга алакан жайып, бакыт тилеп өткөн.
Белгилей кетсек, Арген Асанов казак кызы Аружан менен 2023-жылдын июль айында баш кошуп, бир жылдан соң эки жолго түшкөнүн жарыялашкан.