Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Гүлбара Калиева Орусиянын судьяларынын бүткүл Орусиялык 8-курултайына катышат

Кыргызстандагы Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Гүлбара Калиева Орусиянын судьяларынын бүткүл Орусиялык 8-курултайына катышат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чара 17-18-декабрда Москва шаарында Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт. 

Съездде Орусиянын сот тутумунун абалын талкуулоо, анын келечектеги өнүгүүсүн аныктоо, судьялык жамааттын өлкөдөгү сот адилеттигин жакшыртуу сунуштарын аныктоо жана съезддин делегаттарынын чыгып сүйлөөлөрү пландаштырылган.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан