Жеке менчик соттук-эксперттик институт түзүү демилгеленүүдө
"Ата Мекен” фракциясынын 14-декабрдагы кезектеги жыйынында “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” КРнын мыйзам долбоору талкууланды. Мыйзам долбоор боюнча КРнын Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов баяндама жасады. Шыкмаматовдун айтымында, бул мыйзам долбоору менен жарандардын укугун коргоодо аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында жеке менчик соттук-эксперттик институтун түзүү сунушталган. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев жеке менчик соттук-эксперттик институттун жаралышы менен бир катар көйгөйлөр чыгарын, мындай учурларда жоопкерчилик маселеси кандай караларын тактоо зарыл экендигин белгиледи. Талкууда депутат Асия Сасыкбаева тарабынан мындай көз карандысыз уюмдун түзүлүшүн колдоого ала тургандыгын белгилеп, бирок алардын чыгарган бүтүмдөрү акча менен бааланып калбайбы деген оюн айтты. Жыйынтыгында фракция мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо чечими кабыл алды.