Трамп Маск менен болгон айтышуусунан кийин Tesla унаасын сатууну ойлонуп жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн кызыл түстөгү Tesla электр унаасын сатууну же белекке берүүнү пландоодо. Бул тууралуу The Washington Post гезити Ак үйдөгү булактарына таянып жазып чыкты.

Басылма америкалык лидердин мындай ою миллиардер Илон Маск менен болгон пикир келишпестиктерден улам пайда болгонун белгилейт.

Белгилей кетсек, америкалык лидер март айында Масктын Tesla компаниясына колдоо көрсөтүп сатып алган.

Маск менен Трамптын ортосундагы чыр миллиардердин Трамп сунуштаган мыйзамды сындаганынан улам келип чыкты. Өз кезегинде Ак үй башчысы Маск менен мамилеси начарлап кеткенин моюндап, андан көңүлү калганын билдирди.

Ишкер буга жооп кылып, эгер ал болбогондо Трамп президенттик шайлоодо утулуп калмактыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан