Дональд Трамп Tesla унаасын сатып аларын айтып, себебин түшүндүрдү

АКШнын президенти Дональд Трамп миллиардер Илон Маскты колдоо үчүн жаңы Tesla унаасын сатып алууну убада кылды.

"Кандай болгон күндө дагы мен эртең Илон Маскка болгон колдоо белгиси катары жаңы Tesla сатып алганы жатам", - деп жазган ал өзүнүн Truth Social социалдык баракчасына.

Белгилүү болгондой, дүйшөмбү күнү Илон Масктын Tesla компаниясынын акциялары 15 пайыздан ашык арзандаган. Ошол эле учурда америкалык ЖМКлар Маск жетектеген өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) аракеттерине АКШда нааразылык күчөгөнү тууралуу кабарлоодо. Германияда болсо Tesla унааларына болгон кызыгуу кескин азайганы айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан