Индия расмий түрдө Японияны номиналдык ИДП боюнча артта калтырып, дүйнөдөгү ири экономикалардын тизмесинде төртүнчү орунга чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Индия АКШ, Кытай жана Германиядан кийинки төртүнчү орунда турат. Бул окуя глобалдык экономикалык тарыхта маанилүү учур болуп, Индиянын экономикасынын ылдам өсүп жатканын ырастайт дешет адистер.
Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк берген маалыматка ылайык, 2025-жылдын башында Индиянын номиналдык ИДПсы болжол менен 4,19 триллион долларга жетти, ал эми Япониянын экономикасы демографиялык төмөндөөлөр, стагнация жана валютасынын алсыздыгынан улам 4 триллион долларга кыскарды.
Салыштыруу үчүн айтсак, он жыл мурун Индиянын ИДПсы болжол менен 2 триллион долларга барабар болгон, бул азыркы деңгээлинен эки эсе аз. Ал эми Япония ушул көрсөткүчтөргө 1990-жылдарда жеткен.
Индиянын негизги кыймылдаткычтардын бири санариптештирүү болду. Улуттук төлөм системи ай сайын 16 миллиарддан ашык транзакцияны иштетип, санарип технологияларынын калктын күнүмдүк жашоосуна терең сиңгенин көрсөтөт.
Башка жетишкендиктерге товарларга жана кызматтарга салынган салыктын ийгиликтүү киргизилиши, банкроттук жана каржылык кыйынчылыктар боюнча реформалар, ошондой эле чет элдик өндүрүүчүлөрдү тарткан "Made in India" демилгесинин активдүү өнүгүүсү кирет. Маселен, 2025-жылы өндүрүлгөн iPhone телефонунун болжол менен 15 пайызы Индиядан чыгарылат.
Мындан тышкары, Индия жашыл энергетика тармагында өзүнүн позициясын бекемдеп, 2023–2024-жылдары болжол менен 70 миллиард долларлык түздөн-түз тышкы инвестицияларды тартты.
Бирок эксперттер азыркы ийгилик токтоочу себеп эмес экенин белгилешет. Шаардык жана айылдык аймактар ортосундагы айырмачылыктар сакталууда, калктын өсүшүнө байланыштуу жумуш орундарын түзүү жетишпей жатат. Мегаполистер менен алыскы райондордун ортосунда санариптик теңсиздик дагы эле актуалдуу көйгөй бойдон калууда.
Аналитиктер бийликти эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, каржылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана туруктуу, инклюзивдүү өсүү камсыздоого көңүл бурууга чакырышат.
Тарых көрсөтүп тургандай, экономикалык үстөмдүк көп учурда геосаясий күчтөрдүн алдыңкы орунга чыгышына жол ачат. Мисалы, АКШ XX кылымдын башында Улуу Британияны артта калтырып, дүйнөдө лидерликке жеткен. XXI кылымда Кытайдын көтөрүлүшү глобалдык күчтөрдүн балансына таасирин тийгизген. Азыр болсо Индиянын кезеги келгени байкалууда.