Владимир Путин Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен Орусияга иштөөнү каалаган эмгек мигранттарын биргелешип окутуу боюнча макулдашканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Саясатчы Орусия менен Өзбекстан бул жаатта тыгыз байланышта аракеттенүүгө ниеттенип жатканын ишендирди. Путин белгилегендей, мамлекет башчылары эмгек рыногунун начарлашынын фонунда миграция маселесин биргелешип чечишет.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусияда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу рейд учурундагы орус күч түзүмдөрүнүн мигранттарга жасаган орой мамилесине Өзбекстан тарап тынчсыздануусун билдирген. Мындан тышкары мигранттардын укугу бузулгандыгы боюнча нота жөнөтүштү.