Ташкент Москвадагы мигранттарга карата күч түзүмдөрүнүн зомбулугу боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жолдоду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада өткөн рейд учурунда күч түзүмдөрүнүн эмгек мигранттарына карата жасаган ур-токмок, кемсинтүү жана ар-намысын тебелөө фактыларына тынчсыздануусун билдирди. Өзбекстан тарап мындай көрүнүштөр эки өлкөнүн достук мамилелерине толугу менен туура келбестигин, муну алдын алуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.
"Орусиянын тиешелүү мекемелерин Өзбекстандын жарандарына урмат-сый менен мамиле кылууга жана алардын ар-намысын тебелебөөгө чакырабыз",- деп айтылат билдирүүдө.
Өзбекстан тарап окуя боюнча маалымат берүүнү жана күч түзүмдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берүүнү суранды.
Эске салсак, 10-июнда Москванын Строгино районундагы Коргоо министрлигине караштуу объектте жайгашкан эмгек мигранттарынын жатаканасына күч органдары катаал рейд жүргүзгөнү боюнча видео тараган. Күбөлөрдүн айтымында, күч кызматкерлери мигранттарды бөлмөлөрдөн күч менен чыгарган жана аларга карата кемсинтүү сөздөрүн айтышкан.
Натыйжада документтеринде көйгөйү бар 5-6 адам кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.