Орусияда күч органдары мигранттардын жатаканасын текшеришти (видео)

Орусияда күч түзүмдөрү Коргоо министрлигинин объектиндеги КМШ жарандары жашаган жатаканада мыйзамсыз жүргөн мигранттарга каршы рейд өткөрүштү. Бул тууралуу ВAZA Telegram-каналы кабарлады.

Маалым болгондой, күч органдары Строгинодогу жатаканага барып мигранттардын документтерин текшеришкен. Күбөлөрдүн айтымында, күч кызматкерлери аларды бөлмөлөрдөн күч колдонуп чыгарышкан.

Натыйжада документтеринде көйгөйү бар 5-6 адам кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Ал эми Өзбекстандын Миграция агенттиги Москвадагы күч кызматтары жүргүзгөн рейдге тынчсыздануусун билдирди. Агенттиктин айтымында, Орусия өкмөтү өзбек жарандарына жумуш берүүгө кызыгуу көрсөткөнүнө карабастан, айрым укук коргоо органдарынын мыйзамсыз жана орой мамилеси кооптонууну жаратат.

Ал эми жатаканадагы мигранттардын арасында кайсы өлкөнүн жарандары бар экени тууралуу так маалымат берилген эмес.

Орусияда күч органдары мигранттардын жатаканасын текшерди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karona
2025-06-10 14:20:00
Бул орус эшшектердин жасазын Кудай озу берсин! Кудайга салдык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан