Бактыбек Калмаматов: "Кышында жол жабылып Кара-Кулжа районунда бир мүшөк ундун баасы бир койдун баасына тең болуп калат"
"Кара-Кулжа районунда кышкысын унаа жолу жабылып, өкмөт ал жакка керектүү азык-түлүктү вертолёт менен ташып калат. Азык-түлүктөрдүн баасы асмандайт, 30 сомдук бир куту чайдын баасы 250 сом, бир мүшөк ундун баасы бир койдун баасына чыгып кетет",- дейт депутат Бактыбек Калмаматов. Анын айтымында, элдин жашоосун жеңилдетиш үчүн өзгөчө кооптуу райондорго Материалдык резервдердин фондусунун түйүнүн ачуу керек. Буга мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору Шералы Абдылдаевге "айрым райондорго андай түйүндөрдү ачсак, анда башка райондорго да ачыш керек болуп калат. Анын үстүнө андай кылуу бизге оор болуп калат. Анткени өзүнчө мекеме алыш керек, ал жерде иштегенге киши алуу зарыл" деп жооп берди.