Globus жана Be Adam өзүнүн үчүнчү дропун Кыргызстандын улуу инсандарына арнашты

Тарых менен мода кездешкенде, ал жөн гана стиль эмес, чоң маани касиетке ээ болот. Globus соода тармагы менен Be Adam бренди кыргызстандыктарды уникалдуу коллекция менен кубантууну улантып, үчүнчү дропту — "Сыймыктанам" аттуу коллекцияны жарыялашты. Бул ирет Кыргызстан тарыхында чоң из калтырган белгилүү инсандарга арналды. Мурдагы эки дроп — "Кыргызстандын керемети" деп аталып, жаратылышыбыздын керемети менен өлкөнүн белгилүү жерлери тууралуу болчу.

Авторлордун айтымында, бул кийимдер — кыргыз руху жана туруктуулугунун символу болгон инсандарга урмат-сыйдын белгиси. Ошондой эле акылмандыкты, күчтү жана элине, жерине болгон сыйын тастыктаган ысымдарга таазим. Бул дропто ошол инсандардын турмуш жолу, чыгармачылыгы жана жетишкендиктери бүгүнкү күнгө чейин бизди шыктандырып келгени көрсөтүлгөн. Бул коллекция – алардын элесин заманбап формада сактап калуунун жолу.

Мындан тышкары, ар бир буюм алардын өмүрүн эле эмес, төрөлгөн аймактары тууралуу да баяндайт.

  • Саякбай Каралаев (1894, Ыссык-Көл облусу) — улуу манасчы, "Манас" эпосунун эң белгилүү төкмөчүлөрүнүн бири. Аны таң калычтуу эс тутуму жана миңдеген саптарды шыктануу менен айтып берүү чеберчилиги үчүн кыргыздын Гомери деп аташкан. Ал элдик мурастын сакталып калышында жана муундан муунга өтүшүндө чоң роль ойногон.
  • Курманжан Датка (1811, Ош облусу) — көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, эл арасында "Алай ханышасы" деген атка конгон. Ал акылмандыгы, кайраттуулугу жана бийик руху менен элине оор учурларда жол көрсөтө алган. Анын ысымы улуттук ар-намыстын жана мекенге болгон берилүүнүн символуна айланган.
  • Тоголок Молдо (1860, Нарын облусу) — чыныгы аты Байымбет Абдрах уулу, акын, манасчы жана эл акыны. Анын чыгармалары кыргыз элинин акылмандыгын, рухий дүйнөсүн жана салт-санаасын даңазалайт. Тоголок Молдонун чыгармачылыгы элдик оозеки мурастын сакталышына чоң салым кошкон.
  • Токтогул Сатылганов (1864, Жалал-Абад облусу) — акын жана композитор. Анын ырлары жана поэмалары элдин үнү болуп, кайгыны, үмүттү жана мекенге болгон сүйүүнү туюнткан. Ал куугунтукка, сүргүнгө кабылганына карабастан, руханий күчүн жоготпой, өз доорунун чыгаан өкүлү бойдон калган.
  • Исхак Раззаков (1910, Баткен облусу) - Кыргызстан Советтик Социалисттик Республикасында Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал республиканын өнөр жайын, билим берүү жана маданиятын өнүктүрүүдө зор роль ойногон. Аны жөнөкөйлүгү, ак ниеттүүлүгү жана адилеттүүлүгү үчүн эли терең урматтаган. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган.
  • Атай Огонбаев (1900, Талас облусу) — кыргыз профессионалдык музыкасынын негиздөөчүсү, композитор, ырчы жана комуз чертүү чебери. Анын "Маш Ботой" аттуу чыгармасы кыргыз музыкасынын символуна айланган. Атай Огонбаев көптөгөн таланттуу музыканттарды тарбиялап, бай чыгармачылык мурас калтырган.
  • Бүбүсара Бейшеналиева (1926, Чүй облусу) — Кыргызстандын алгачкы профессионалдык балеринасы, чыгармачылыгы менен чоң сахнада даңаза болгон. Анын бийдеги таланты менен назиктиги кыргыз балетинин символуна айланган. Бүбүсара Бейшеналиева — кыргыз искусствосундагы аялдардын жолун ачкан жандуу легенда болуп калды.

Мурунку жолку сыяктуу эле, бул коллекция чектелүү саны менен чыгарылган. Анын негизги бөлүгү Globus соода тармагынын туруктуу кардарларына белек катары берилет. Бирок, бир топ футболкалар сатууга коюлат. Алар:

· Бишкек шаарындагы төмөнкү дүкөндөрдөн табууга болот:

1. Globus 1, Аалы Токомбаев көчөсү, 53/1 (Сухэ-Батора көчөсүнүн кесилиши)

2. Globus 4, Чүй проспектиси, 41Б

3. Globus 11, Ала-Арча соода борбору, Ч.Айтматов проспектиси, 299В

· Ош шаарында — Globus 14 (Ош шаары, Шакирова көчөсү, 275)

· Ысык-Көлдө, Чолпон-Атада — Globus 58 (Чолпон-Ата, Советская көчөсү, 36)

Жүрөктөн кийиңиз.

Сыймыктануу менен кийиңиз.

"Сыймыктанам" коллекциясы аркылуу тарых менен байланышты сезип көрүңүз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан