Кыргызстан – уникалдуу өлкө. Анын жаратылышы бизге өзүнүн байлыгын марттык менен бөлүшкөн. Ар бир бурч уникалдуу, ар бир аймак өзүнүн өзгөчө продуктусу менен белгилүү. Эгер ал жемиш болсо, анда алар абдан даамдуу жана жыпар жыттуу. Эгер ал жашылча болсо, анда алар пайдалуу жана тоюмдуу.
Мындай молчулукка шыктанган Globus дүкөңдөр тармагы Be Adam менен биргеликте "Кыргызстандын керемети" коллекциясын түзүштү. Бул жөн гана кийим эмес. Бул биздин жерибизге жана андагы азыктарды камкордук менен өстүргөн элге болгон ыраазычылыктын символу.
Ар бир футболка Кыргызстандын белгилүү бир аймагына жана андагы уникалдуу продуктуга арналган:
«Кыргызстандын керемети» коллекциясы эки ата мекендик бренд тарабынан түзүлгөн. Анын философиясы кардарларга жана өлкөгө болгон сый мамилеге негизделген. Бул принциптерди, сезимдерди символдор аркылуу берүүгө аракет кылдык. Биздин кайрылуубуз жөнөкөй жана түшүнүктүү: мындай футболканы кийүү – бул өз жериңдин бир үзүмүн кийүү, анын байлыгы жана мекендештериңдин эмгеги менен сыймыктануу дегенди билдирет.
"Бул биринчи коллекция жана баарыбызды бириктирген жакшы салтка айланат деп ишенебиз. Сиз бул кызматташуунун бир бөлүгү болуп, бул футболкаларды сыймыктануу менен кийип жүргөнүңүзгө кубанычтабыз" дейт долбоордун авторлору.
Коллекция чектелүү болсо да, анын көпчүлүгү Globus'тун туруктуу кардарларына белекке берилет. Аз сандагы футболкалар дагы сатыкка чыгат.
Аларды тармактын эки дүкөнүнөн тапса болот:
Бишкекте Globus 1 дүкөнү, дареги: Аалы Токомбаева, 53/1
Ош шаарында Globus 14 дүкөнү, дареги: Аскара Шакирова, 275/1
Өзүңүздүн уникалдуу футболкаңызды сатып алууга жана сонун окуянын жаратуучусу болууга шашылыңыз.
Сыймыктанып, сүйүү менен кийгиле!