Бишкек шаардык соту Камчыбек Ташиев боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту Камчыбек Ташиев боюнча Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. Анын айтымында, 14-декабрда Бишкек шаардык соту жактоочунун арызын канааттандырган эмес. Жактоочу камактагы депутат Камчыбек Ташиевди абакта кармоо мөөнөтүн узартууга макул эместигин билдирген арыз менен кайрылган. Эскерте кетсек, 27-ноябрда Бишкектин биринчи май райондук соту Камчыбек Ташиевди камакта кармоо мөөнөтүн 2013-жылдын 3-январына чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.