Азербайжан Орусиядан Актаудагы учак кырсыгын иликтеп, компенсация төлөп берүүнү талап кылууда

Азербайжан бийлиги Орусияны Актауга жакын жерде кыйраган учактын күнөөкөрлөрүн таап, жоопко тартууга чакырууда. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Араз Азимов Орусиянын элчиси Михаил Евдокимовго билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Азимов белгилегендей, Баку Москвадан бул кырсык боюнча толук жана ачык иликтөө жүргүзүп, жабыркагандарга компенсация төлөп беришин күтөт. Республиканын Тышкы иштер министрлиги бул кадамдар эки тараптуу мамилелердеги терс маанайды жоюу үчүн чоң мааниге ээ деп белгиледи.

Белгилей кетсек, 25-декабрда Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Анын ичиндеги 67 кишинин 38и каза болуп, 29у аман калган. Алардын арасында үч кыргызстандык болгон.

28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиевге телефон чалып, болгон окуя үчүн кечирим сураган. Алиев өз кезегинде Орусиядан күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган.

Эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан абалдын негизги себептерин шилтемеден окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан