Казакстанда кырсыктаган учак: Азырынча 27 аман калган жүргүнчү ооруканага жеткирилген

Казакстандын Актау аймагына жакын жерде кырсыкка учураган учактан аман калган 27 жүргүнчү ооруканага жеткирилген. Бул туурасында жергиликтүү каналдар маалымдап, алардын саны өзгөрүшү мүмкүн экендиги айтылган.

Учакта жалпы 62 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон. Алардын 37си Азербайджандын жарандары. Мындан тышкары 6 казакстандык, 3 кыргызстандык жана 16 орусиялык жаран бар болгондугу кошумчаланган.

Белгилей кетсек, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык учак Бакудан Грозныйга учуп баратып Казакстанда кулагандыгы айтылган. Анын алдын ала себеби да айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан