Депутаттар Кыргызстандагы кытай медициналык борборлорунун иши тууралуу маселе көтөрүштү

"Ата Журт" фракциясынын 14-декабрдагы жыйынында депутат Нарынбек Молдобаев өлкөдөгү медициналык борборлор тууралуу оюн айтып, Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырма берди. "Кыргызстандагы кытайдын медициналык борборлорунда жүздөгөн адамдар кезекте турушут. Ал жерден дарылап жөнөтөт, бир азга сакайтат да, кайра эле ооруп баштайт. Ошол дарылар биздеги лабораториялардан өткөн же өтпөгөнүн эч ким билбейт",- деди депутат. Анын айтымында, чет өлкөлүк өкүлдөр аркылуу айтылган борборлор менен аталган министрлик тыгыз иштеши жана лицензия берүүнү көзөмөлгө алышы керек.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан