Ош шаарындагы олимпиадада 1-орунду Ош мамлекеттик университетинин "Билим" лицейи алды

Ош шаарынын мектептери арасында өткөн предметтик олимпиадада  ОшМУнун “Билим” лицейи 28 алдынкы орунду алуу менен жалпы командалык 1-орунга чыкты. Шаардык олимпиада 10 предмет боюнча уюштурулуп, 805 окуучу катышкан болчу. Бул тууралуу  бүгүн, 20- январда ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  ОшМУнун “Билим” лицейинен 35 окуучу катышып, алардын 12си 1-орунду, 8и 2-орунду, 5 окуучу 3-орунду жана 2 окуучу 4-орунду камсыз кылышкан.

Шаардагы билим берүү тармагындагы ОшМУнун ири жеңиши тууралуу “Билим” лицейинин директору, доцент Кыялбек Акматов: “ Жыл бою үзгүлтүксүз  сапаттуу билим берип, окутуунун мыкты усулдарын колдонуунун жыйынтыгы бул олимпиадада  ачык көрүндү. Биз үчүн бул чек эмес. Жаштарыбызды улуттук нарк-насилде билимдүү, адептүү, мекенчил кылып тарбиялоо - биздин негизги максат”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан