Бишкекте Ынтымак Ордодо бүгүн, 30-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруп өткөрүүгө арналган ыкчам жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчы шайлоо тилкелериндеги оперативдүү абал, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жана республика боюнча добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Белгиленгендей, саат 18:00гө карата республика боюнча 1 330 602 шайлоочулар өз добуштарын беришти, бул шайлоо тизмелерине киргизилген жарандардын жалпы санынын 30,99 пайызын түзөт.
Касымалиев өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлер жана ар кандай деңгээлдеги жетекчилер тарабынан административдик ресурсту колдонууга таптакыр жол берилбестигин дагы бир жолу баса белгиледи. Ал мамлекет шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бирдей шарттарды жана мыйзамды так сактоону кепилдей турганын кошумчалады.
Минкаб төрагасы ошондой эле жарандарды шайлоо укугун активдүү ишке ашырууга жана жарандык милдетин аткарууга чакырып, ар бир шайлоочунун аң-сезимдүү тандоосу өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, шайлоону уюштуруп өткөрүү штабы өз ишин улантууда.