Биз социалдык тармакта

Бишкекте аялга орой мамиле жасаган таксист кармалды (видео)

Бишкекте аялга орой мамиле жасап, коомдук жайда сөгүнгөн таксист кармалды. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда айдоочунун коомдук жайда сөгүнүп, агрессивдүү мамиле жасап жаткан видеосу аныкталды. Милиция кызматкерлери 1994-жылы туулган М.А. аттуу жарандын өздүгүн аныктап, райондук башкармалыкка жеткиришти.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча чара көрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени маалым болду.

Бишкекте аялга орой мамиле жасаган таксист кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан