Биз социалдык тармакта

Баткенде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу уланууда

Баткен шаарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадиондун курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка караганда, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков Баткен облусуна иш сапары менен барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Стадиондун аймагында негизги аренадан тышкары үч машыгуу талаасы, төрт кичи футбол аянтчасы жана 100 орундуу жатакана курулууда. Ошондой эле машыгуу талааларынын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган.

Белгилей кетсек, стадиондун курулушу 2025-жылдын 26-февралында башталган.

Учурда аны ишке берүү мөөнөтү 2027-жылга жылдырылганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан